#soroskg #bizdintv #yntymak #Менбилем Абайлаңыз! Интернетеги жеке маалыматыңызды башкалар руксаатыңызсыз пайдалануусу мүмкүн. “Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында КРдин санариптик мыйзамын приктикалык колдонуу жол-жоболору боюнча сөз болду. Анда санариптик мыйзам боюнча серепчилер жарандардын санариптик кооопсуздугу жана маани берчү жагдайлар тууралуу айтып беришти. Маселен, социалдык тармактын колдонуучулары жеке маалыматтарын жарыялоодо абайлоо керектиги айтылды. Себеби сиздин маалыматтарыңызды башка колдонуучулар руксасат пайдалынышы ыктымал. Ошондуктан интернетке сиздин маалыматтарыңыз жайгаштырылышы зарыл болсо алгач сизден макулдук суралат. Макул болгон учурда дагы ал электрондук кол тамгаңыз менен ырасталышы керек.Ошондо гана сиздин макулдугуңуз юридикалык күчкө ээ болот. Бул видео тасма "Ынтымак" КРТРКСЫ тарабынан "Мен билем" долбоорунун алкагында "Сорос Кыргызстан" фондунун "Менин санариптик укугум" маалымат программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Видео тасмада айтылган ой-пикирлер "Сорос-Кыргызстан" фондунун көз карашын билдирбейт.
--- Send in a voice message: https://podcasters.spotify.com/pod/show/706886/message
