#soroskg #bizdintv #yntymak #Менбилем “Мен Билем” долбоорунун алкагында О! Мобилдик операторунун аткарып жаткан иштери талкууланды. Тактап айтканда, абоненттерге электрондук кандай кызматтар түзүлгөнү жана ыңгайлуулук, тоскоолдуктар тууралуу сөз болду. «НУР Телеком» ЖЧКсынын Ош облусундагы башкармалыгынын адистери байланыш жеткиликтүү болбогон тоолуу, алыскы аймактар бар экендигин айтты. Ошондуктан интернет менен камсыздоо иштери дагы деле уланып жатканы маалымдалды. Эфирдин жүрүшүндө тарифтер эскертүүсүз алмаштырылган жана баасы жогорулап жаткан учурлар боюнча сөз болуп, анда абоненттер арыз, сунуштарын “706” кыска номуруна жолдосо болоору белгиленди. Бул видео тасма "Ынтымак" КРТРКСЫ тарабынан "Мен билем" долбоорунун алкагында "Сорос Кыргызстан" фондунун "Менин санариптик укугум" маалымат программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Видео тасмада айтылган ой-пикирлер "Сорос-Кыргызстан" фондунун көз карашын билдирбейт.
--- Send in a voice message: https://podcasters.spotify.com/pod/show/706886/message
