“Мен Билем” долбоорунун кезектеги чыгарылышы үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлерине онлайн кезекке туруу темасынын алкагында уюштурулду. Программанын алкагында үйдөн чыкпастан туруп, дарыгерлерге кайрылуу үчүн электрондук кезекке туруу боюнча жарандарга графика менен оозеки түрдө түшүндүрүлдү. Эфирдин алкагында маалым болгондой, ар бир жаран registratura.med.kg сайтына кирип, башкы беттеги дарыгерге жазылуу бөлүмүнө ID картадагы жеке номурду жана телефон номурун жазуу керек болот. Бул жеке маалыматтар толтурулгандан соң ал жарандын кайсыл аймактагы, канчанчы үй-бүлөлүк медицина мекемесинде каттоого алынганы боюнча маалымат чыгат. Анын негизинде кайсыл дарыгерге жана кайсыл күнү, саат канчада бараарын толтуруп койуу жетиштүү. Ошол эле учурда электрондук кезекке туруу системасы толук ишке аша электиги маалымдалды. Ош, Бишкек шаарларында дарыгерлер бул система боюнча билим алышып, компьютердик жабдуулар жетиштүү болгону менен, алыскы аймкактардагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда онлайн кезекке туруу системасын ишке ашыруу жумуштары жүрүп бүтө элек.
--- Send in a voice message: https://podcasters.spotify.com/pod/show/706886/message
