Мен Билем
Мен Билем
Almazbek uulu Arstanbek
Sep 27, 2021 · 25 min

Салыкты кантип онлайн төлөө керек? Адис жооп берет | МЕН БИЛЕМ

MP3

Салыктарды онлайн кантип төлөө керек? “Мен билем” долбоорунун бул чыгарылышы мына ушул суроонун айланасында уюштурулду. Маалыматта айтылгандай салык төлөөнү электрондук түрдө аткаруу үчүн алгач электрондук каттоодон өтүү керек болот. Андан ары ар бир ишкер салыкты жашаган аймагына жараша үйдөн туруп эле төлөп койсо болот. Эфирде белгиленгендей ар бир салык төлөөчү электрондук жеке кабинет түзүлгөндөн кийинки 120 күндүн ичинде пайдаланылбаса, автоматтык түрдө системаны пайдалануудан четтетиле турганы айтылды. Суроо-жооптун алкагында система иштебей калган учурда кандай кадамдарга баруу керек дегенде жарандар кайра эле салык кызматынын кеңсесине барып төлөмдөрдү аткаруу керектеги белгиленди. Анткени системада мүчүлүштүк болуп, салык төлөөгө мүмкүн болбой калган учурда кызмат жоопкерчилик албай турганы айтылды. Бул видео тасма "Ынтымак" КРТРКСЫ тарабынан "Мен билем" долбоорунун алкагында "Сорос Кыргызстан" фондунун "Менин санариптик укугум"  маалымат программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Видео тасмада айтылган ой-пикирлер "Сорос-Кыргызстан" фондунун көз карашын билдирбейт.

---
Send in a voice message: https://podcasters.spotify.com/pod/show/706886/message

This podcast uses Anchor (from Spotify) for stats, tracking, and dynamic audio. What this means Episodes play from the podcast's own servers, unmodified. Not affiliated with Podbay.