Соңку жаңылыктар
Соңку жаңылыктар
ЭЕ/АҮ
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
Бишкекте Путин менен Пашинян кер-мур айтышты  | Жаңылыктар | 02.09.2026
Жогорку Кеңеш сентябрдын соңуна чейин президенттик шайлоонун датасын бекитет. Алдыда Садыр Жапаров менен ат салыша турган талапкерлер чыгабы? Бишкекте саммитте Путин менен Пашинян кер-мур айтыша кетти. Путин Арменияны Евробиримдикти же Евразия экономикалык биримдигин тандоого чакырды. Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюну уланууда. Бул жолу чет элдик туристтер көп келгени байкалат.
Sep 2
30 min
Бишкек саммити: Украинада согуш токтойбу? | Жаңылыктар | 01.09.2026
Бишкек дүйнөлүк лидерлер жолугуп, глобалдык маселелер талкууланган дипломатиялык аянтчага айланды. Украинадагы беш жылга аяк баскан согуш жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал - Бишкекте эмне сөз болду? Саммиттин Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн мааниси, салмагы кандай?
Sep 1
26 min
Бишкек: Президенттер эмнени талкуулайт? | Жаңылыктар | 31.08.2026
Кыргызстандын эгемендигине 35 жыл. Быйыл бул дата Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп жаткан учурга туш келди. Кезинде “Борбор Азиядагы демократия аралча” аталган өлкөдө бийлик бир нече ирет революция менен алмашты. Өлкө өткөндөн канчалык сабак алды? Бишкек бул күндөрү глобалдык дипломатиялык аянтчага айланды. Жер шарындагы калктын 40% ашууну жашаган өлкөлөр кирген Шанхай кызматташтык уюму дүйнөлүк сахнада салмактуу күч боло алабы?
Aug 31
29 min
Непалдагы күтүүсүз кырсык | Жаңылыктар | 27.08.2026
Непалдагы суу ташкындан улам каза тапкандардын саны 270ке жетти. Дагы 1,5 миңден ашык кишинин, анын ичинде 800 чет элдиктин дайыны белгисиз. Күтүүсүз суу ташкынына жер титирөөдөн кийинки көчкү себеп болгон. "75чилердин" сотунда онго жакын күбө сурак берди. Арасында мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов жана Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Жуман Акималиев да бар. Интернет айдыңында пикир жазган журналист, активисттерди каралоо жаңы деңгээлге чыкты. “Тыңчы”, “чет элдик агент” деген каралоолор менен катар алардын үй-бүлөсүнө чейин асылган чабуулдар кимге керек?
Aug 27
16 min
Орусияда Украинадагы согушка мигранттарды тартуу токтой элек | Жаңылыктар | 26.08.2026
Кыргызстанда баалар өсүүдө. Өкмөт кымбатчылыкты кантип ооздуктайт? Украинадагы согушка азгыруу токтой элек. "Азаттыкка" жакыны согушка кеткен бир нече адам кайрылды. АКШ башпаанек сураган чет өлкөлүктөргө визалык чектөөлөрдү күчөтүшү мүмкүн. Трамптын администрациясы миграция саясатын дагы катаалдаштырууда.
Aug 26
19 min
"Ырыс Ордо" ыркы кеткендерди элдештиреби? | Жаңылыктар | 25.08.2026
"Ырыс ордодогу" ынтымакка чакырык, шайлоо жышааны жана "75чилер иши". Бийликтин соңку иш-чарадагы ишараты талкуу жаратты. Бишкекте "Ырыс Ордонун" ачылышынан кийин коңшу Тажикстанда 2,5 миң орундуу улуттук театр ачылды. Ири масштабдуу имараттарды мамлекеттик өнүгүүнүн символу катары көрсөтүү Тажикстанга гана мүнөздүү көрүнүш эмес. Махабат Тажибек кызынын иши Ленин райондук сотунда кайра карала баштады. Ал быйыл март айында үй камагына чыккан эле.
Aug 25
21 min
Талас: Орунтаевдин аты аралашкан жаңжал териштирилүүдө | ЖАҢЫЛЫКТАР | 24.08.2026
Милиция Таласта курулуш министри Нурдан Орунтаевдин аты аралашкан жаңжалды териштирип жатат. “Манас Ордодогу” окуя мамлекеттик кызматкердин жүрүм-туруму боюнча маселени козгоду. Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушу талкууга түшттү. Оштун мэри Жанар Акаевдин демилгесинин төркүнү эмнеде? Казакстандагы парламенттик шайлоодо бийликчил "Адилет" партиясы алдыга чыкты. Байкоочулар саясий өзгөрүүлөр Токаевдин бийлигин дагы бекемдеп, Назарбаев доорунун таасирин азайтышы мүмкүн экенин айтууда.
Aug 24
25 min
Threadsтин колдонуучулары эмнеге кармалды? | Жаңылыктар | 21.08.2026
Атайын кызмат Threads социалдык тармагынын эки колдонуучусун кармап, аларды бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп айыптоодо. Акыркы маалда дал ушул соцтүйүндө бийликке сын айткан пикирлер байкалып жатат. Кыргыз өкмөтү күйүүчү майдын тартыштыгын алдын алуу аракетин көрүүдө. Ушул айда Орусиядан 100 миң тоннадан ашык кара май алып келээри күтүлүүдө. Казакстан жаңы Конституция кабыл алынгандан кийинки алгачкы парламенттик шайлоого камынууда. Өлкөдө Сенат менен Мажилистен турган эки палаталуу парламент жоюлуп, анын ордуна 145 депутаттан турган Курултай түзүлөт.
Aug 21
20 min
Кыргызстандыктар Кытайга визасыз кире алат | Жаңылыктар | 20.08.2026
Киевде Орусиянын чабуулу 16 өмүрдү алып, 40тан ашык киши жарадар болду. Шаарда 21-август аза күтүү күнү деп жарыяланды. Мавлян Аскарбековго Фейсбукта жазган билдирүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Эки ай мурда кармалган саясатчынын иши сотто карала баштады. Кытай кыргыз жарандарына виза алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөттү. Эми 10 суткага чейин визасыз транзит жана Хайнан провинциясында 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилет.
Aug 20
14 min
Украина: Президенттик шайлоо темасы кайра козголду | Жаңылыктар | 19.08.2026
“Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен кесилген акын Аскат Жетиген эркиндикке чыкты. Үч жыл абакта отурган Жетиген айыпты четке кагып, мыйзамсыз камалганын айтты. Украинанын мурдагы коргоо министри Михаил Федоров согуш учурунда да президенттик шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк табууга чакырып, бийликти катуу сындады. Анын кайрылуусу Зеленский үчүн сезимтал маселени кайрадан козгоду. “Түндүк” тиркемесиндеги жарандардын жеке маалыматтары Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун колуна кандай шартта түшүп калган? Бул окуяны Ички иштер министрлиги териштерине баштаганы айтылды.
Aug 19
18 min
Load more