
Аутизм тууралуу психолог Омуркан Турсунбекова айтып берди. Бул биздин 5 сезондун акыркы эпизоду:)
May 7, 2021
29 min

🩺 Кезектеги эпизод кайрадан биздин конок невролог менен уланмакчы.
🩺 Кызыктуу тема болду Аутизм, ошондуктан суроолор дагы көбөйдү, аларга жооп алалы деп чечтик.
🩺 Аутизмдин белгилери, дарылоо ыкмасы жана жыйтыгы жөнүндө талкуу кылдык.
Apr 30, 2021
26 min

Бул эпизодто баланын энеси өзүнүн жеке тажрыйбасы жана кайсыл жерде туура эмес кылып койгон учурлар тууралуу айтып берди.
Apr 23, 2021
14 min

Эки дарыгер, 5-сезон, 3-эпизод.
🎧 Бул эпизоддо ата-эне менен маек курдук.
🩺 ‘Миң укканча, бир көр’ деген макал бар, чынында биз АУТИЗМ эмне экенин түшүнүү үчүн, биз эне менен маек түздүк.
☝🏻Өзгөчөчө бала менен жашоо кандай экен, кандай кыйынчылыктар болду жана кантип туура мамиле түзүү керек, деген жооп-кеңештерин берди.
Apr 17, 2021
27 min

Эки дарыгер аудиоподкаст, 5-сезон, 2-эпизод.
1-БӨЛҮМ
🎧 Бүгүнкү эпизодубузда коногубуз Мээрим, невролог адиси менен АУТИЗМ жөнүндө маек курдук.
🩺 Аутизм- деген эмне? Бул оорубу, же “жашоо образыбы”?
🩺 Эмне үчүн пайда болот? Себеби барбы?
🩺 Кантип даарыласа болот?
🩺 Кандай клиникалык белгилери бар?
🎧 Кыскача Аутизм жөнүндө маалымат болот.
Apr 9, 2021
23 min

Эки дарыгер аудиоподкаст. 5-сезон, 1-эпизод.
🎧 Бул эпизоддо, сиздерди “Рука в Руке” же “Колго Кол” коомдук бириккен уюм менен тааныштырайлы.
🩺 Бул өзгөчө коом☝🏻 өзгөчө балдарга жардам берейли, деп ЧОҢ команданы түзүшкөн.
Команданын мүчөлөрү: дарыгерлер-невролог, психолог, логопед, арт-терапевт ж.б. Жалпы саны 40тан ашат.
🩺 Эпизоддо сиздерге толугу менен биздин коногубуз айтып берт.
🩺 Бул Коомдун максаты эмнеде, качан түзүлдү, азыркы учурда кандай жетишкендиктерге жетишишти, деген суроолорго жооп берет.
☝🏻 Бүгүн АУТИЗМ КҮНҮ
АУТИЗГЕ карата бул подкастты жаздырдык.
Apr 2, 2021
25 min

Бүгүн бизде кызыктуу маек, коногубуз Улук Батыргалиев Сексуалдык Репродуктивдик ден-соолуктун Альянсында консультант жана тең-тренери.
🩺 Сексуалдык Репродуктивдик ден-соолук деген эмне?
🩺 Темабызды улантуудабыз, “эгер сен өзүндүн ден-соолугуна кам көрсөң, анда өзүңө кайдыгер болбо...” деген ураан менен биз кантип эң биринчи нерсеге көңүл бурушубуз керек?
🩺 Баарына кызык болгон, канча жаштан баштап, репродуктивдик ден-соолукка кам көрүүбүздү башташыбыз керек, же кичинекей чагыбыздан башташыбыз керекпи?
🩺 Эгер сексуалдык репродуктивдик ден-соолугубуз биз үчүн маанилүү болсо, кам көрүүнү эмнеден башташыбыз керек?
🩺 Кандай текшерүүдөн өтүп турушубуз керек?
🩺Жана башка керектүү суроолорго жооп аласыздар.
☝🏻😃 Эки Дарыгер подкастынын 4-сезону Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен Программасы (ЮНЭЙДС) менен биргеликте даярдалган.
🎧☝🏻 Подкастты ТОЛУГУ менен биздин YouTube /Эки дарыгер/ каналыбыздан уга аласыздар.
Шилтеме биздин баракчабыздын башкы бетинде☝🏻😃
Mar 13, 2021
29 min

Биз ЮНЭЙДС менен өнөктөштүктө даярдаган СПИД/ВИЧ-подкасттын эпизоду улантууда.
Бул чыгарылышта жаштардын жыныстык жана репродуктивдик ден-соолугу жөнүндө сөз кылабыз. Бүгүн биздин конок Улук Батыргалиев, Сексуалдык Репродуктивдик ден-соолуктун Альянсында консультант жана тең-тренер. Улук айтылган жерде көптөн бери иштеп келе жатат, жаштардын сексуалдык жана репродуктивдик ден-соолук жөнүндө сапаттуу жана кесипкөй маалымат алуу укугун жигердүү илгерилетип жана коргоп келет.
Mar 9, 2021
30 min

Биздин 4-сезондун 3-эпизодунда ВИЧти дарылоо жөнүндө сүйлөшөбүз. Баарыбызга маалым, СПИД оорусу 1981-жылы далилденди, ал эми анын пайда болуу себеби 1983-жылы адамдын иммундук жетишсиздигинин ретровиси, деп табылган. Ондогон жылдар өтүп, бүгүнкү күндө ВИЧти дарылоо үчүн ондогон ретровируска каршы дары-дармектер иштелип чыкты. Заманбап терапия ВИЧ менен жашаган адамдарга вирусту эффективдүү контролдоого мүмкүнчүлүк берет - толук жана сергек жашоого. Дүйнө жүзүндө болжол менен 23,3 миллион адам терапия алууда жана ВИЧ-СПИД менен ооруган адамдын өмүрү ошол эле курактагы ВИЧсиз адамдын өмүрүнүн узактыгынан айырмаланбайт. ВИЧти дарылоо боюнча биздин подкастты угуңуз, эгерде суроолоруңуз болсо, анда биздин центрлерге кайрылсаңыз болот, же @aids_center_kg жазыңыз.
Эки Дарыгер подкастынын 4-сезону Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен Программасы (ЮНЭЙДС) менен биргеликте даярдалган.
Mar 6, 2021
23 min

“Эки дарыгер" подкастынын 4-сезонун 2-эпизоду.
Бүгүн, 1-март, Дискриминацияга каршы күрөшүү күнү жарык көрдү. ВИЧ менен жашаган адамдарга карата саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө орун алган стигма жана басмырлоо 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотуу үчүн негизги тоскоолдук бойдон калууда.
Бишкек шаардык СПИДге каршы күрөшүү борборунун кесиптештери менен ВИЧке чалдыккан бейтаптарды жана башка медициналык топторду басмырлоонун алдын алуу үчүн биргеликте эмне кылсак болору жөнүндө сүйлөштүк.
Эки Дарыгер подкастынын 4-сезону Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен Программасы (ЮНЭЙДС) менен биргеликте даярдалган
Mar 1, 2021
18 min
Load more
