Маалыматтарды электрондук система аркылуу тактоо, текшерүү кызматы 2018-жылы ишке кирип, андан бери порталдан 132 кызматты пайладануу жеткиликтүү болуп калгандыгын Түштүк аймагы боюнча адис Бабур Худайбердиев маалымдады. Түндүк электрондук порталындагы кызматтарды пайдалануу кыргыз, орус тилдеринде жеткиликтүү. Программанын алкагында мамлекеттик, муниципалдык ишканалардагы маалыматтардын бардыгы электрондук порталга жайгаштырылып бүтө электиги айтылды. Ошондуктан колдонуучулар айрым бир маалыматтарын издегенде түндүк системасынан таба албай калган учурлар кездешүүсү ыктымал. Белгилей кетсек, порталга жыл сайын кошумча кызматтар толукталып жатат. Маселен, кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу боюнча кызмат көрсөтүү, автоунаанын техникалык кароодон өткөндүгүн жана айып пулдар жөнүндө маалыматтарын түндүк аркылуу эле текшерип алууга болоору программа алкагында айтылды.
--- Send in a voice message: https://anchor.fm/706886/message
