Мен Билем
Мен Билем
Almazbek uulu Arstanbek
Жаңы үлгүдөгү паспорт канчага чейин жарамдуу жана кантип алуу керек | Мен билем
21 minutes Posted Jul 5, 2021 at 4:49 am.
0:00
21:40
Download MP3
Show notes

Бул чыгарылышта биометрикалык паспортту колдонуу, өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алабыз. Паспорт столдун адиси жарандардын жеке маалыматтары паспорт ичиндеги электрондук чипке жайгаштырылганын жана аны калкты тейлөө ишканаларындагы атайын жабдуулар менен гана окууга болоорун билдирди. Ошол эле учурда жеке маалыматтарды руксаатсыз көчүрүп алып, пайдаланууга мыйзам жол бербешин кошумчалады. Анткени электрондук чиптеги маалыматтарды текшерген компьютерлердин IP (Айпи) адреси сакталып калат. Маекте белгилүү болгондой учурда  мекеме-ишканаларда электрондук паспорттогу жеке маалыматтарды окуй турган жабдуулар жетишсиз. Ошондуктан жарандар кайра эле калкты тейлөө борборлоруна барып маалымкаттарды кагаз түрүндө алып убара тартып жатышат. Эфирдик коногу (адис) адамдарды убарагерчиликтен арылуу үчүн электрондук түндүк порталын колдонууга чакырды. Порталга катталып маалымкаттардын 15 түрүн электрондук түрдө алууга болот. Биометрикалык паспорттун микросхемасына жазылган жеке маалыматтарыңызды эч ким руксаатсыз пайдалана албайт. Себеби, кайсыл мекеме-ишканага барбаңыз биометрикалык паспорттогу чипте жайгаштырылган маалыматтарыңызды текшерүүнүн коопсуздугу камсыздалган. Маселен, банкка же нотариуска барсаңыз жеке маалыматтарыңыз боюнча ар бир сурам системада сакталып калат. Тактап айтканда, кайсыл күнү, саат канчада жана кайсыл IP даректен (компьютерден) текшерилгени архивден өчпөйт. Эгерде сиз тууралуу маалыматтар макулдугуңузсуз тарап кетсе, анда ушул жол-жоболор аркылуу аныктап алууга болот. Жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу каралган. Жазык кодексинин 186-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары, адамдын жеке жашоосу жөнүндө купуя маалыматты анын макулдугусуз мыйзамсыз жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу, - IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

---
Send in a voice message: https://anchor.fm/706886/message